Кыргызстандын 346 айылында таза суу такыр жок
Кыргызстандын 346 айылы таза суу менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү билдирди.
Жыйында Балбак Түлөбаев республиканын канча айылы системалуу таза суу менен камсыздалбаганына кызыкты.
“346 айылда таза суу тутумдары такыр жок, 470 айылда болсо түтүктөр 50-70 жылдары курулуп, азыркы учурда колдонууга жараксыз болуп калган”, – деди агенттиктин өкүлү.
Негизинен Кыргызстанда 1905 калктуу конуш бар, анын 32си шаар, 1873 айыл статусундагы калктуу конуштар.
ЕРӨБ берген 17.8 млн евро Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоого жумшалат
ЕРӨБ Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17.8 млн евро берет
ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет