> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Облустарда мамматрезервдин кампаларын курууга даярдык көрүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/mammatrezervdin-kampalaryn-kuruuga-dayardyk-k-r-l-d/
- Published: 2023-01-23T09:27:27.000Z
- Updated: 2023-01-23T09:28:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынын курулушу башталат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев белгилегендей, **учурда үч кампаны**, анын ичинде Баткен облусунда да кампа курууга даярдыктар жүрүп жатат.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров курулуш иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи.

> «Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин кампалардын курулушу башталышы керек. Бул процессти тездетүү керек, анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү биринчи кезектеги маселе болуп саналат. Керектүү каражат бөлүнөт», – деди ал.