Облустарда мамматрезервдин кампаларын курууга даярдык көрүлүүдө
Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынын курулушу башталат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев белгилегендей, учурда үч кампаны, анын ичинде Баткен облусунда да кампа курууга даярдыктар жүрүп жатат.
Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров курулуш иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи.
«Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин кампалардын курулушу башталышы керек. Бул процессти тездетүү керек, анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү биринчи кезектеги маселе болуп саналат. Керектүү каражат бөлүнөт», – деди ал.