> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Турак жай конуштарына газ менен жылытууга өтүү үчүн пайызсыз насыя берүү убада кылынууда
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/turak-zhaj-konushtaryna-gaz-menen-zhylytuuga-t-ch-n-pajyzsyz-nasyya-ber-ubada-kylynuuda/
- Published: 2023-01-23T09:34:31.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:31:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы конуштардын жашоочуларына үйүнө газ киргизүү үчүн пайызсыз насыялар берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.**

> Мэрдин айтымына караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө үстөксүз насыя берилет. Насыялар качан жана кантип бериле турганы азырынча тактала элек.

Абдыкадыров жыл сайын 4-5 конуш газ менен камсыз болоорун, муну менен 20 турак жай массивдерин газдаштыруу бир нече жылдын ичинде толук бүтөрүн маалымдады.