Турак жай конуштарына газ менен жылытууга өтүү үчүн пайызсыз насыя берүү убада кылынууда
Жаңы конуштардын жашоочуларына үйүнө газ киргизүү үчүн пайызсыз насыялар берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Мэрдин айтымына караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө үстөксүз насыя берилет. Насыялар качан жана кантип бериле турганы азырынча тактала элек.
Абдыкадыров жыл сайын 4-5 конуш газ менен камсыз болоорун, муну менен 20 турак жай массивдерин газдаштыруу бир нече жылдын ичинде толук бүтөрүн маалымдады.