> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 2022-жылы дээрлик 9.5 млрд сом киреше алды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/uluttuk-bank-2022-zhyly-deerlik-9-5-mlrd-som-kireshe-aldy/
- Published: 2023-01-23T09:57:18.000Z
- Updated: 2023-01-23T09:59:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк, алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылы 9 млрд 437 млн сом киреше алды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 244 млн сомго (+2.7%) көп, ал кезде жөнгө салуучу органдын кирешеси 9.19 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында берилген.**

2022-жылдын 31-декабрына карата Улуттук банктын активдери 395.7 млрд сомду түздү (2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу +26%). Милдеттенмелер 339.4 млрд сомго чейин көбөйгөн (+35%). Жалпы капиталы 56.3 млрд сомду түздү.

Эске салсак, 2021-жылдын аягында Улуттук банк 10.9 млрд сом киреше тапкан. 2020-жылы регулятор жылдын жыйынтыгы боюнча 8.5 млрд сом өлчөмүндө киреше тапкан.

---

[Улуттук банк: Акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар жетиштүү](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/uluttuk-bank-akcha-almashtyruuchu-zhajlarda-zhana-banktarda-dollar-zhetisht/)

[КРнын бүт банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү учурда 650 млн долларды түзөт](http://localhost/info-portal/news/2023/01/16/krnyn-b-t-bank-sistemasyndagy-aksh-dollarynyn-zhalpy-k-l-m-uchurda-650-mln-dollardy-t-z-t/)

[23 акча алмаштыруу жайы өткөн жылы Улуттук банкка жалпысынан 1.2 млн сом айып пул төлөштү](http://localhost/info-portal/news/2023/01/19/23-akcha-almashtyruu-zhajy-tk-n-zhyly-uluttuk-bankka-zhalpysynan-1-2-mln-som-ajyp-pul-t-l-sht/)