Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль өлчөмүндөгү ала албай жүргөн айлык маянасын алып берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аларга Кыргызстандын эки жараны төлөнбөгөн маянасы боюнча кайрылган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, россиялык «Анод плюс» компаниясы 1 млн 600 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акы боюнча карызды толугу менен төлөп берген.


Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги өткөн жылдын ноябрь айынан тарта Москвада кыргызстандыктарга – эмгек мигранттарына ар кандай укуктук жана социалдык маселелерди чечүүгө жардам берген өкүлчүлүгү иштеп жатканын эске салат.

Өкүлчүлүктө кыргызстандыктар жумушка орношууда жана Россияда иш берүүчүлөрдү тандоодо жана алар менен байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат. Ошондой эле эмгек миграциясы маселелери, РФнын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча консультацияларды алууга болот.

Өкүлчүлүк КРнын Россиядагы элчилигинен 700 метр аралыкта Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 7 дарегинде жайгашкан.


КР Эмгек министрлигинин Москвада өкүлчүлүгү ачылды — «Жүк-200», жумуш маселесин карайт

Россияда 144 кыргызстандык мигрант айлык маянасын ала албай калышкан — 31 млн рубль

Россияда каттоого турбаган кыргызстандык жарандар кийин мамлекеттен пенсия ала алышпайт — министр