> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекет электр энергиясын жеке ортомчуларсыз сатат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/24/mamleket-elektr-energiyasyn-zheke-ortomchularsyz-satat/
- Published: 2023-01-24T11:29:50.000Z
- Updated: 2023-01-24T11:29:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда мамлекет электр энергиясын ортомчуларсыз сатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында билдирди.**

Анын [айтымында](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=pfbid02bYL2VwzJcPD5E8c4iKZDkDzK6JZseVttn6emXWMVYDxTh4C99MDkYxpkLxEr1TRVl&id=100006524710922), президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргызстанда ортомчу жеке электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын саны кыйла кыскарган.

> “Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда”, – дейт катчы.

Кошумчалай кетсек, 23-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов бөлүштүрүүчү компанияларды жоюу керектигин, электр энергиясын калкка мамлекет гана сатуу зарылдыгын айткан.