Мамлекет электр энергиясын жеке ортомчуларсыз сатат

Кыргызстанда мамлекет электр энергиясын ортомчуларсыз сатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргызстанда ортомчу жеке электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын саны кыйла кыскарган.

“Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда”, – дейт катчы.

Кошумчалай кетсек, 23-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов бөлүштүрүүчү компанияларды жоюу керектигин, электр энергиясын калкка мамлекет гана сатуу зарылдыгын айткан.