«Мега» уюлдук операторун баасы кымбат учурунда сатканыбыз жакшы - ММБФ

“Мега” уюлдук операторун баасы бар учурунда сатканыбыз жакшы. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашев эгер “Мега” сатылбаса, эртеңки күндө бир тыйынга бааланбай калуу сыяктуу тобокелчиликтер барбы деген суроосун берди. Ал эми Бакиров бул нерсени рынок талап кылып жатканын айтты.

“Кимде интернет күчтүү болгон болсо, келечек ошонуку. Азыркы атаандаштыкта акыбалдары өтө эле жакшы эмес. Аналитиканы кылып туруп, азыр баасы бар учурунда сатыкка алып чыгыш керек”, – деди ММБФнын жетекчиси.

Эскерте кетсек, бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жаткан. Бирок кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев MEGA уюлдук оператору Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтүшү мүмкүн деген болжолдуу маалымат берген.