> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/24/salyk-kyzmaty-byjyl-248-mlrd-som-chogultuunu-plandap-zhatat/
- Published: 2023-01-24T14:58:33.000Z
- Updated: 2023-01-24T15:27:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**24-январда маалымат жыйынында Салык кызматынын жетекчилери өткөн жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берип, быйылкы пландары менен бөлүштү.**

> «2023-жылга карата Мамлекеттик салык кызматынын алдында чоң милдеттер турат. 248 млрд сом чогултушу керек, анын 196 млрд сому салыкка, 51 млрд сому Соцфондго”, — деди Абдувапов.

Ал ошондой эле салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында бир катар фискалдык процедуралар жана жаңы салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу пландалып жатканын белгиледи. Учурдагы план былтыркыдан 40 млрд сомго ашык.