Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат
24-январда маалымат жыйынында Салык кызматынын жетекчилери өткөн жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берип, быйылкы пландары менен бөлүштү.
«2023-жылга карата Мамлекеттик салык кызматынын алдында чоң милдеттер турат. 248 млрд сом чогултушу керек, анын 196 млрд сому салыкка, 51 млрд сому Соцфондго”, — деди Абдувапов.
Ал ошондой эле салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында бир катар фискалдык процедуралар жана жаңы салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу пландалып жатканын белгиледи. Учурдагы план былтыркыдан 40 млрд сомго ашык.