> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банкка «Мега» уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди
- URL: https://im.kg/all/2023/01/24/uluttuk-bankka-mega-ujulduk-operatorun-aluuga-katyshuuga-ukuk-berildi/
- Published: 2023-01-24T10:46:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:44:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банкка “Мега” уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.**

Жыйында депутат Талайбек Масабиров “Мега” оператору сатылабы же президенттин аппаратынан билдиришкендей, Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтөбү деген суроосун берди.

> “Улуттук банкка өздөрүнүн чечими менен “Меганы” алууга катышууга укук берилип жатат. Алууга катышуусу толук мүмкүн”, – деп жооп берди Бакиров.

Эскерте кетсек, бийлик MEGA уюлдук операторун **12 млрд сомго** [сатууну](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/bijlik-mega-ujulduk-operatorun-12-mlrd-somgo-satuunu-plandap-zhatat/) пландап жаткан. Бирок кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев MEGA уюлдук оператору Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтүшү мүмкүн деген болжолдуу [маалыматын ](http://localhost/info-portal/news/2023/01/19/mega-ujulduk-operatoru-uluttuk-bank-zhe-mamlekettik-n-kt-r-bankyna-t-sh-m-mk-n/)берген.