Улуттук банкка «Мега» уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди

Улуттук банкка “Мега” уюлдук операторун алууга катышууга укук берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров кечээ, 23-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Талайбек Масабиров “Мега” оператору сатылабы же президенттин аппаратынан билдиришкендей, Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтөбү деген суроосун берди.

“Улуттук банкка өздөрүнүн чечими менен “Меганы” алууга катышууга укук берилип жатат. Алууга катышуусу толук мүмкүн”, – деп жооп берди Бакиров.

Эскерте кетсек, бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жаткан. Бирок кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев MEGA уюлдук оператору Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтүшү мүмкүн деген болжолдуу маалыматын берген.