> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат - Энергетика министри
- URL: https://im.kg/all/2023/01/24/uluttuk-energoholding-byjyl-zhojulat-energetika-ministri/
- Published: 2023-01-24T17:59:04.000Z
- Updated: 2023-01-24T17:59:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**24-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин отурумунда Улуттук энергохолдингдин жоюла тургандыгын билдирди.**

Министрдин айтымында, энергетика тармагында эки мекеменин болушу кошумча чыгымдарды алып келет. Ушул себептен Улуттук энергохолдингди жоюу маселеси каралууда.

> «Күз-кыш мезгилинен кийин жоюу маселеси каралып жатат. Энергетика министрлиги гана калат», – деди Ибраев.

Эске салсак, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы 2016-жылы бардык энергетикалык компаниялардын акцияларынын контролдук пакетине (80.49%) ээлик кылган башкаруучу компания катары түзүлгөн.