> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/24/vengriyaga-zh-rg-nch-l-rd-zhana-zh-kt-rd-tashuu-bojuncha-makuldashuu-ratifikaciyalandy/
- Published: 2023-01-24T13:22:56.000Z
- Updated: 2023-01-24T13:22:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР менен Венгриянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.**

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

> Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул ата мекендик автоташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жакшылап өнүктүрүү үчүн Венгрияга жүк ташууну жана Европанын башка өлкөлөрүнө эл аралык транзиттик ташууну көбөйтөт.

---

[Ишкерлер үчүн Венгрияда бизнес форум өтөт — каалоочулар чакырылат](http://localhost/info-portal/news/2023/01/23/ishkerler-ch-n-vengriyada-biznes-forum-t-t-kaaloochular-chakyrylat/)

[Кыргызстандын «Торо» компаниясы Венгрияга эт экспорттоону көздөөдө](http://localhost/info-portal/news/2023/01/09/kyrgyzstandyn-toro-kompaniyasy-vengriyaga-et-eksporttoonu-k-zd-d/)

[Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду 24 млн доллардык долбоорлорду ишке ашырмакчы](http://localhost/info-portal/news/2022/11/11/venger-kyrgyz-n-kt-r-fondu-24-mln-dollardyk-dolboorlordu-ishke-ashyrmakchy/)