> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/25/47-t-z-t-koloniyasynyn-orduna-10-mi-batirl-kichirajon-kurulat/
- Published: 2023-01-25T14:13:47.000Z
- Updated: 2023-01-25T14:13:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык команиясы (МИК) ААК аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

> “Мисалы, Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы **№47 түзөтүү колониясынын** жери болуп саналат, анда **10 миң батирлүү кичирайон** куруу пландалууда”, – дейт президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. 

Ошондой эле маалыматта эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1.3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында, бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6.2 млрд сомдон ашык суммага берилгени (2021-жылы 1.6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4.6 млрд сомго 1 800 батир) айтылат.

---

[Акылбек Жапаровго «Асман», «Бишкек Сити» жана №47 колониянын ордуна курулуучу турак жай комплексинин курулуш долбоорлорун көрсөтүштү](http://localhost/info-portal/news/2022/08/16/akylbek-zhaparovgo-asman-bishkek-siti-zhana-47-koloniyanyn-orduna-kuruluuchu-turak-zhaj-kompleksinin-kurulush-dolboorlorun-k-rs-t-sht/)