Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат

Бажы кызматы кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды Кыргызстандан накталай АКШ долларын алып чыгууда өткөрүү пункттарындагы бөлүмдүн кызматкерлерине кайрылууга чакырат. “Мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн” бажы кызматкерлерине кайрылуу сунушталат.

Министрлик 13-январдагы токтому менен КР резидент эместер жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 миң доллардан жана Кыргызстандын жарандары үчүн 10 миң доллардан ашык накталай АКШ долларын алып чыгууга убактылуу тыюу салганын эскертти.

Кыргызстандын жарандары жана резиденттери тарабынан накталай АКШ доллары көбүрөөк суммада экспорттолгон учурда белгиленген лимиттен ашкан суммадан 10% өлчөмүндө алым алынат.

“Ушуга байланыштуу накталай акча (АКШ долларын) алып чыгып
кеткен учурда, КРнын бузууга жол бербөө үчүн накталай акчаны (АКШ долларын) ташыган адамдар КРнын Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүчү жерлеринде турган КРнын бажы кызматкерлерине кайрылуусу зарыл”, – деп айтылат билдирүүдө.