> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Германия сөзүнө турду - КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди
- URL: https://im.kg/all/2023/01/25/germaniya-s-z-n-turdu-krnyn-karyzyn-kechip-birinchi-transh-menen-5-mln-evro-mik-aakga-berdi/
- Published: 2023-01-25T11:28:31.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:36:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда [кабарлагандай](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/16/germaniya-kyrgyzstandyn-14-9-mln-evro-karyzyn-kechip-saluunu-chechti-birok-bir-shart-kojdu/), Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу.** 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө **4.966 млн евро** **өлчөмүндөгү биринчи транш** берилгенин кабарлады. 

> “Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында, өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат”, – деди катчы. 

2022-жылдын майында КРнын министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда КРнын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» Макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында **14.9 млн евро өлчөмүндөгү** каражат этап-этабы менен «МИК» ААКга берилет.

---

Германия койгон шартка ылайык, ипотекалык насыялар **Бишкек жана Ош шаарларынын чегинен тышкары** жалданып иштеген же ишкерлик кылган бардык категориядагы жарандарга **жылдык 8% менен, 15 жылга чейин** берилет.

---

[МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкынын конверсияланган карызынан жыл сайын 5 млн евродон алат](http://localhost/info-portal/news/2022/09/15/mik-germaniyanyn-kfw-n-kt-r-bankynyn-konversiyalangan-karyzynan-zhyl-sajyn-5-mln-evrodon-alat/)

[Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет](http://localhost/info-portal/news/2022/05/27/germaniya-kechken-krnyn-14-9-mln-evro-summasyndagy-karyzy-mikke-kfw-banky-arkyluu-berilet/)

[МИКтин «Жеткиликтүү ипотека» багытын Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт](http://localhost/info-portal/news/2021/07/30/miknyn-zhetkilikt-ipoteka-bagytyn-germaniya-n-kt-r-banky-kfw-karzhylajt/)