> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда
- URL: https://im.kg/all/2023/01/25/italiyalyk-brendder-kyrgyzstandyn-rynoguna-chyguunu-plandashuuda/
- Published: 2023-01-25T09:16:01.000Z
- Updated: 2023-01-25T09:16:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**20-январда Инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Made in Italy брендин илгерилетүү боюнча координациялоо жана өнөр жай тармагында кызматташуу үчүн Италиянын Соода жана инвестиция агенттигинин бөлүм башчылары М.Форте жана М.Масини** **менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Жумушчу сапардын жүрүшүндө КРнын инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берилип, кыргыз тараптын италиялык компанияларга **кыргыз рыногуна чыгуу** жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгы айтылды.

> Өз кезегинде М.Форте италиялык бизнес чөйрөлөрүнүн кыргызстандык компаниялар менен коммерциялык байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, Италиянын соода жана инвестиция агенттигинин өкүлдөрүнүн жана бизнес-делегациянын быйылкы жылы Кыргызстанга келишин кароого даярдыгын билдирди.

Темиралиев ошондой эле италиялык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, бизнес жүргүзүүнүн шарттары, салык преференциялары, ошондой эле КРнын өкмөтү тарабынан чет элдик инвесторлорго берилген мамлекеттик кепилдиктер менен тааныштырды.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/8df952e3-7816-31e6-b6a2-5faf66df4d26.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/8df952e3-7816-31e6-b6a2-5faf66df4d26.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/32afd8ab-9c89-3f7a-b2fd-4aff19b5af80.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/32afd8ab-9c89-3f7a-b2fd-4aff19b5af80.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/599b6b3e-c984-3164-84cb-ec48651a8b69.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/599b6b3e-c984-3164-84cb-ec48651a8b69.jpeg)