> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР өткөн жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө 20 млрд сом бажы төлөмдөрүн которду
- URL: https://im.kg/all/2023/01/25/kr-tk-n-zhyly-eaebdegi-lk-l-rg-20-mlrd-som-bazhy-t-l-md-r-n-kotordu/
- Published: 2023-01-25T10:43:37.000Z
- Updated: 2023-01-25T10:44:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Евразия экономикалык биримдигине кошулган учурдан тартып, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан башка мүчө мамлекеттерге алардын бөлүштүрүү үлүшүнө ылайык, Биримдикке мүчө мамлекеттерден алып келгенден көбүрөөк ташып келүү бажы алымдарынын суммасын которду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**  

> 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге **20 млрд 116.9 млн сом** өлчөмүндө ташып келүү бажы төлөмдөрүн которсо, өлкө бюджетине мүчө мамлекеттерден 16 млрд 248.2 млн сом түшкөн. 

КР тарабынан алынуучу бажы алымдарынын көлөмүнүн өсүшүнө биринчи кезекте бажы кызматы тарабынан бажы төлөмдөрүн башкарууну жакшыртуу жана өнөктөш өлкөлөр менен соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.   

**Эскерте кетсек, мурда КР:** 

- 2015-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **2 млрд 962.8 млн сом** которуп, 3 млрд 522 млн сом түшкөн (октябрь – декабрь)
- 2016-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **11 млрд 967.9 млн сом** которуп, 13 млрд 094.6 млн сом түшкөн
- 2017-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **12 млрд 329.1 млн сом** которуп, 15 млрд 358.5 млн сом түшкөн
- 2018-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **15 млрд 324.9 млн сом** которуп, 16 млрд 169.8 млн сом түшкөн
- 2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **11 млрд 249.9 млн сом** которуп, 17 млрд 106.9 млн сом түшкөн
- 2020-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **6 млрд 042.5 млн сом** которуп, 16 млрд 840.2 млн сом түшкөн
- 2021-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **13 млрд 024.4 млн сом** которуп, 22 млрд 077.0 млн сом түшкөн.