> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/25/kyrgyzstan-zbekstan-biznes-forumunun-alkagynda-10-dokumentke-kol-kojulat/
- Published: 2023-01-25T09:29:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:22:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 26-27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында, 18 жана “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлаары күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. 

> “Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”, – деди Төрөбаев. 

Ал эми Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенерин билдирди.