Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот
«Кепилдик фонд» ААКтын кепилдик колдоосу менен Нарын шаарынын тургуну Аскарбек уулу Кенжебек “РСК Банк” ААК аркылуу турак жайлуу болду. Бул тууралуу фондун маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын декабрында «Кепилдик фонд» ААК кеңсесинде «Кепилдик фонд» ААК, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «РСК Банк» ААК ортосунда ипотекалык кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимге кол коюлган.
Ага ылайык, мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алгачкы төлөмгө каражаты жок катышуучулары кепилдик ала алышат.
Кепилдик фонд» ААК Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылган жана макулдук алган, бирок баштапкы төлөмдү төлөөдө кыйынчылыктарга туш болгон бардык жарандарга ипотекалык кепилдиктерди берүүгө даяр экенин эскертет.
МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат
Кыргызстандын комбанктары ипотекалык кредитти мамлекеттик кепилдик менен беришет
Кепилдик фонду «РСК банктын» насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет
«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК
«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?
Эми мамлекеттик ипотека алууга арызды онлайн берсеңиз болот – МИК
4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК
МИК: Ипотекалык каражат сурап жатканда кандай учурда өнөктөш банк каржылоодон баш тартышы мүмкүн?