Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр - жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Регионалдык директору Самех Нагиб Вахба жана Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына таянсак, жолугушууда Дүйнөлүк банк менен КРнын ортосундагы, тактап айтканда, энергетика, климаттын өзгөрүшү, суу менен камсыздоо, агроазыктүлүк кластерлерин өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы жана келечектеги кызматташуу маселелери талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар жогоруда белгиленген маселелерди биргелешип илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишишкен.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк банк жакынкы беш жылда Кыргызстанга Өнөктөштүк программаларынын алкагында 600 млн доллар берет. Ал эми 30 жыл ичинде КРга 2.7 млрд доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн.


Дүйнөлүк банк жакынкы беш жылда Кыргызстанга 600 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын реформалоого, инфляциянын кесепетин басаңдатууга жардам берет