КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар - 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда
Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 543.2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушуп, анда тараптар өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү боюнча сүйлөшүшкөн.
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров
«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат