> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө
- URL: https://im.kg/all/2023/01/26/kyrgyzstan-menen-zbekstan-z-ara-sooda-k-l-m-n-2-mlrd-dollarga-zhetkir-n-k-zd-sh-d/
- Published: 2023-01-26T09:10:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:13:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. 

> “Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн **2 млрд долларга** жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.