> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды - РЕЙТИНГ
- URL: https://im.kg/all/2023/01/26/kyrgyzstanda-e-korrupciyalashkan-dep-salamattykty-saktoo-ministrligi-iim-zhana-mamkurulush-ataldy-rejting/
- Published: 2023-01-26T09:27:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:35:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң коррупциялашкан мекемелер деп Саламаттыкты сактоо министрлигин, Ички иштер министрлигин, Мамкурулушту аташты. Мындай жыйынтыкка Улуттук статистикалык комитет жарандардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли тууралуу жеке пикирин сурамжылоосунун натыйжасынын негизинде келген.**

> 2022-жылдын экинчи жарымында жүргүзүлгөн [сурамжылоого ](http://www.stat.kg/kg/indeks-doveriya-naseleniya/)ылайык, кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан 5 органдын катарына **Юстиция министрлиги менен Транспорт министрлиги** да кирген.

Жарандар коррупция аз кездешкен жер катары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын жана райондук маанидеги шаарлардын, айыл аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аташкан.

Белгилей кетсек, буга чейин **эң коррупциялашкан** мамлекеттик орган деген наамды **кыргызстандыктар беш жыл катары менен Бажы кызматына ыйгарып келген**. Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын экинчи жарымында Бажы кызматы иш сапаты боюнча эң төмөнкү рейтингди алып, элдин ишеним деңгээли боюнча акыркы орунду ээлеген болчу. Бирок өкмөттүн түзүмү өзгөргөндөн кийин Бажы кызматы Экономика министрлигинин карамагына өтүп, ага өзүнчө баа берилбей калган.