> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат - Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/26/kyrgyzstanda-pahtany-kajra-ishtet-ch-ishkana-achylat-kyrgyz-zbek-n-kt-r-fondu-karzhylajt/
- Published: 2023-01-26T16:22:28.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:36:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев билдирди.**

Аалиев учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалып жатканын [айтат](http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanda-pakhtany-kaira-ishtet-ch-ishkana-achylat/).

> “Бул Кыргызстандын текстиль тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бизде пахта бар, бирок аны кайра иштетүү жок. Биздин дыйкандар түшүмүн арзан баада сатууга аргасыз болууда”, – деди ал.

Ишкананын курулушу Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланары күтүлүүдө.

Ошондой эле ал азыр фонддо жалпы суммасы 8 млн доллардан ашык каражатка төрт долбоор бар экенин жана 20дан ашык ар кандай долбоорлорго кредиттик линияларды даярдалып жатканын, алар ар кандай этапта экенин билдирди. 

> “Алардын жалпы баасы 100 млн доллардан ашат. Даяр болгондон кийин каржылоону баштайбыз”, – деп кошумчалады Аалиев.