> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/26/manas-aeroportu-tuundu-kompaniyalary-ejr-kej-dzhi-menen-manas-menedzhmenttin-direktorlorun-almashtyrdy/
- Published: 2023-01-26T15:21:42.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:56:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бактилек Калмурзаев “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын, Азат Догочиев «Эйр KG» авиакомпаниясынын башкы директорлугу кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.**

Калмурзаев бул кызматты 2022-жылдын августунан бери аркалап келген. 10-январда бул кызматка Улан Барыктабасов шайланган.

Ал эми Догочиев бул кызматта 2019-жылдын июль айынан бери эмгектенип жүргөн. Маалым болгондой, Улукбек Тасмабеков компаниянын жаңы жетекчиси болуп 16-январда дайындалган.