«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды

Бактилек Калмурзаев “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын, Азат Догочиев «Эйр KG» авиакомпаниясынын башкы директорлугу кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.

Калмурзаев бул кызматты 2022-жылдын августунан бери аркалап келген. 10-январда бул кызматка Улан Барыктабасов шайланган.

Ал эми Догочиев бул кызматта 2019-жылдын июль айынан бери эмгектенип жүргөн. Маалым болгондой, Улукбек Тасмабеков компаниянын жаңы жетекчиси болуп 16-январда дайындалган.