> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/26/osago-ajyp-pul-saluu-m-n-t-zhyldyryldy/
- Published: 2023-01-26T12:00:12.000Z
- Updated: 2023-01-26T12:00:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн жарандарга айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.**

Шакиевдин билдиргенине караганда, ал 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо маселесин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен талкуулаган. Жапаров айып пулду киргизүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырууга макул болгон.

> «Мен депутаттардын сунушун айттым. Кеңешип, 1-апрелден тарта камсыздандыруу полисин албагандарга айып пул салуунун мөөнөтүн жылдыра турган болдук. Президенттин да ушундай мааниде тапшырмасы бар экен», — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстандыктарды милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу 2023-жылдан тарта киргизилген. Бийлик 2023-жылдын 1-апрелине чейин өткөөл мезгилди белгилеп, андан кийин полиси жок унаа ээлерине 3 миң сом айып салууну карап жаткан. Бул маселе боюнча парламент депутаттары мындай административдик чара КРнын калкынын нааразычылыгын жаратат деген пикирлерин билдиришип, өлкөдө автотранспорт каражаттарынын милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү кийинкиге калтырууну сунушташкан.