ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды
Унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн жарандарга айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Шакиевдин билдиргенине караганда, ал 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо маселесин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен талкуулаган. Жапаров айып пулду киргизүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырууга макул болгон.
«Мен депутаттардын сунушун айттым. Кеңешип, 1-апрелден тарта камсыздандыруу полисин албагандарга айып пул салуунун мөөнөтүн жылдыра турган болдук. Президенттин да ушундай мааниде тапшырмасы бар экен», — деди ал.
Эске салсак, Кыргызстандыктарды милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу 2023-жылдан тарта киргизилген. Бийлик 2023-жылдын 1-апрелине чейин өткөөл мезгилди белгилеп, андан кийин полиси жок унаа ээлерине 3 миң сом айып салууну карап жаткан. Бул маселе боюнча парламент депутаттары мындай административдик чара КРнын калкынын нааразычылыгын жаратат деген пикирлерин билдиришип, өлкөдө автотранспорт каражаттарынын милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү кийинкиге калтырууну сунушташкан.