> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады
- URL: https://im.kg/all/2023/01/26/s-p-kyrgyz-zbek-biznes-forumunda-ishkerlerge-zholtoo-bolup-zhatkan-toskoolduktardy-atady/
- Published: 2023-01-26T15:37:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:37:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз-өзбек бизнес форумунда Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси (СӨП) Темир Сариев кыргызстандык ишкерлер үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу айтканын билдирди.**

Ошондой эле бүгүнкү форумдун алкагында палата бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп, анда кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдук болуп саналган көйгөйлөр айтылган.

**Алар**:

- чек арага чектеш райондордо өткөрүү пункттарынын жетишсиздиги
- алардын техникалык жабдылышы
- тез бузулуучу азыктарды жеткирүү үчүн “жашыл коридорлордун” жоктугу
- соода-логистикалык хаб түзүү зарылдыгы
- ветеринардык документтер боюнча электрондук тутумдарды интеграциялоо зарыл
- авиакаттамдарды көбөйтүү керек.

Ошондой эле Сариев эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда иштиктүү Кеңеш түзүлгөнүн [билдирди](https://www.facebook.com/temirsarievofficial/posts/pfbid0d33WDo4pgrzrxsZGLSpvKWn55rhwghLvZBjrrMmT2jqBcuiySDSKfj4SmkiRYY71l). 

> “Бул эки өлкөнүн бизнесинин активдүү диалогу, өз ара кызыкчылыктарды жана долбоорлорду илгерилетүү үчүн аянтча. Негизги максаты – өзбек экономикасынын потенциалын, бул өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу”, – деди ал.