Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен - үчтөн бири аялдар

2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тараптан тышкы жумуштуулук чөйрөсүндөгү иштин алкагында 12 миң кыргызстандык жумушка орношкон, алардын үчтөн бири аялдар. Дагы 66.3 миң адам жумушка орношуу боюнча консультация алышкан.

“Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Министрликтин линиясы боюнча Улуу британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда.

Ошол эле учурда иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик, алардын ишмердүүлүгүн Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт, дүйнөнүн 23 өлкөсүндө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт”, – деди министр.


Азыркы миграциянын социалдык кесепеттерине биз он жылдан кийин дуушар болобуз — Economist.kg уюштурган тегерек столдогу пикирлер

Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон — Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант

Кыргызстан миграциялык ийнеде отурат – эксперт

Эксперт: Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат

Мигранттарды каражаттарын бизнес ачууга бөлүүгө үйрөтүү керек — Алмаз Алыбаев