Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Учурда өлкөдө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат, анын 22си – биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды.

Форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө Өзбекстандан инвестицияларды, технологияларды жана компанияларды башкарууну тартууга кызыкдар экенин айтты.

“Бизде өзбек бизнесине сунуш кыла турган нерсебиз бар. Өлкөбүзгө болгон ишенимди бекемдөө жана ачык-айкын ишкерлик жана инвестициялык климатты түзүү аркылуу инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз. Улуттук деңгээлдеги объектилерге ири көлөмдөгү инвестициялар үчүн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери күчөтүлгөн «стратегиялык инвестор» өзгөчө статусун түзүү пландаштырылууда», — деди ал.

Иш-чарага Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков катышты.