Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз - Акылбек Жапаров

Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунда айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров форумда «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар экенин айткан.

“КР энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор», – деди Жапаров. 

Ошондой эле ал келечекте бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүгүүсүнө кызмат кыла турган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча Өзбекстан Республикасы жана Казакстан Республикасы менен жетишилген макулдашууларды канагаттануу менен белгиледи.