> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты
- URL: https://im.kg/all/2023/01/27/1-5-mi-adam-turak-zhaj-shyluundarynan-zhapa-chekti-zyyandyn-summasy-900-mln-somdon-ashty/
- Published: 2023-01-27T14:04:40.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:45:14.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы 1524 адам турак жай кооперативинин алдамчылыгынан жапа чеккен. Жалпысынан алар дээрлик 902 млн сомдук зыян тартышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалыматы боюнча “Кабар” агенттиги билдирет.**

2022-жылдын 12 айында турак жай-курулуш кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча «Ак үй КЖ», «Жилье гарант», «Элдик Групп», «Ихсан Групп ЛТД», «Береке ЛТД», «Дарим Хаус», «Ордо-Мурас», «М строй групп», «S-Line», «Биринчи турак-жай кооперативи», «Ансар», «Ипотека», «МПК кооперативи», «Нью миллениум», «Эл биримдиги» ишканаларына карата 16 арыз жана даттануулар келип түшкөн.

Алдангандардын саны – 1 миң 524 адам. Келтирилген материалдык чыгым 901 млн 726 миң сомдон ашык. Учурда 108 млн 855 миң сомдон ашык чыгымдын орду толтурулду.

> «Турак жайга суроо-талап көп болгондуктан, кыймылсыз мүлк рыногунда ар кандай түрдөгү жана формадагы сунуштар көбөйүүдө. Бирок алардын баары эле сатып алуучулардын таламдарын коргобойт. Мыйзам коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативдерин түзүүгө тыюу салбайт, бирок кыймылсыз мүлк рыногунда ишмердүүлүгү финансылык пирамидага окшош кооперативдердин болушу тынчсыздандырат», – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.