> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/27/bishkek-batken-aba-kattamy-7-fevraldan-bashtap-zhandanat/
- Published: 2023-01-27T17:29:11.000Z
- Updated: 2023-01-27T17:29:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**7-февралдан тарта Tez Jet авиакомпаниясы Бишкек – Баткен – Бишкек ички аба каттамын жандантат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен билдиришти.**

Агенттик бир жумадагы каттамдардын саны кийинки аптада белгилүү боло тургандыгын белгиледи.

Бул багыттар боюнча каттамдардын саны жана билеттердин баасы тууралуу азырынча маалымат жок экенин Tez Jet кошумчалады. Бүгүнкү күндө авиакомпания Исфана, Жалал-Абад жана Ош шаарларына каттамдарды аткарат.

Эске салсак, Tez Jet авиакомпаниясы былтыр 1-августтан бери Баткенге каттамдарды аткара элек.