Бишкек - Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат

7-февралдан тарта Tez Jet авиакомпаниясы Бишкек – Баткен – Бишкек ички аба каттамын жандантат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Агенттик бир жумадагы каттамдардын саны кийинки аптада белгилүү боло тургандыгын белгиледи.

Бул багыттар боюнча каттамдардын саны жана билеттердин баасы тууралуу азырынча маалымат жок экенин Tez Jet кошумчалады. Бүгүнкү күндө авиакомпания Исфана, Жалал-Абад жана Ош шаарларына каттамдарды аткарат.

Эске салсак, Tez Jet авиакомпаниясы былтыр 1-августтан бери Баткенге каттамдарды аткара элек.