> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнес кылабыз деп 1 млн доллар алып, бербей койгон - ИИМ Жеңиш Разаковду камакка алды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/27/biznes-kylabyz-dep-1-mln-dollaryn-alyp-berbej-kojgon-zhe-ish-razakovdu-kamakka-aldy/
- Published: 2023-01-27T09:32:55.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:13:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички иштер министрлиги КРнын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков “алдоо жолу менен 1 млн доллар алып, бербей койгон” деген факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди.**

2022-жылдын сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. деген жаран кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. 

> Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп **1 млн АКШ долларын** алып бербей койгондугун билдирген.

2022-жылдын 1-октябрында ага карата (алдамчылык) менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кечээ, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.