«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес - ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес. Бул тууралуу 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган.

Африкага учактарды лизингге берүү маселеси боюнча КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Эйр Кыргызстан» ААКсынын учактары Африкага эч качан лизингге берилген эмес, андан тышкары ал жакта калган эмес. Мүмкүн, башка авиакомпанияны айтып, «Эйр Кыргызстан» ААКга тиешеси жок башка учактар жөнүндө сөз болгондур. «Эйр Кыргызстан» ААК «Кыргызстан авиакомпаниясы» ААКсынын укуктук мураскери болуп саналат.

Компания жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү абада ташууну, литердик каттамдарын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жана башка аба ташууларын аткарышат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Коомдун акционери болуп коомдун уставдык капиталынын 100% акциясына ээлик кылган КР МЭКке караштуу Мамлекеттик мүлк фонду саналат.


Буга чейин  Economist.kg кабарлагандай, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров «Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болгонун маалымдаган эле.

Эске салсак, 2021-жылы УКМК 100% акциясы мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКсында коррупциялык фактыларды аныктаган. Эсеп палатасынын кызматкерлери авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3.1 млн доллар зыян келтирилгенин жашырышкан.

2016-жылдын аягынан тарта компания финансылык кыйынчылыктарды баштан кечире баштаган. 2017-жылдын күз айларынан тарта авиакомпаниянын иши рентабелдүү эмес деп табылгандыктан, өздүк каттамдары токтотулган.