> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» калдыктарды кайра иштетүүчү компанияны аныктады - андан дагы 112.6 тонна алтын алынат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/27/kumt-r-kaldyktardy-kajra-ishtet-ch-kompaniyany-anyktady-andan-dagy-112-6-tonna-altyn-alynat/
- Published: 2023-01-27T12:28:58.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:22:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**15-январда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүүчү компанияны жана технологиясын тандоо боюнча тендерди аяктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Компания аныкталган жаңы жетекчилик ишкананы 2031-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкканын билдирди. Адистердин айтымында, карьерден **135 тоннадан ашык алтын алынса, дагы 112.6 тоннасы калдык сактоочу жайларда турат**.

> «Учурда эскирген калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоор ишке ашыруу стадиясында турат. 15-январда ишкананы жана калдыктарды кайра иштетүү технологиясын тандоо боюнча сынак аяктады. Жылына 12 млн тоннага жакын калдыктарды кайра иштетүү пландалууда», – деп билдирди КГК.

КГК кошумчалагандай, дамбанын курулушу катуу көзөмөлгө алынгандыктан, чынында эле калдыктарды толтуруу коркунучу жок.

Азырынча калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча подрядчынын аты-жөнү жана долбоордун башка деталдары ачыктала элек.