> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя - Садыр Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2023/01/27/kyrgyz-zbek-mamlekettik-chek-arasyn-delimitaciyaloo-taryhyj-okuya-sadyr-zhaparov/
- Published: 2023-01-27T15:44:30.000Z
- Updated: 2023-01-27T15:44:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.**

> “Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

> Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет”,- деди Жапаров.

Ошондой эле президент КР менен ӨРнын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгара тургандыгын белгиледи.