Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя - Садыр Жапаров
Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.
“Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.
Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет”,- деди Жапаров.
Ошондой эле президент КР менен ӨРнын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгара тургандыгын белгиледи.