> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Amazon сыяктуу аянтча пайда болот
- URL: https://im.kg/all/2023/01/27/kyrgyzstanda-amazon-syyaktuu-ayantcha-pajda-bolot/
- Published: 2023-01-27T09:49:20.000Z
- Updated: 2023-01-27T09:49:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда Amazon\`дун аналогуна окшош аянтча пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.**

Анын айтымында, мындай долбоорду каржылоого арыз фонддун кардарлары тарабынан берилген. Аянтчаны Бишкектеги “Дордой” базарына жакын жерге куруу пландалууда.

> “Долбоор “А” классындагы эл аралык хабды түзүүнү карайт — бул толугу менен онлайн соода менен толук автоматташтырылган жогорку технологиялык кампа, башкача айтканда, Amazon типтүү. Долбоорлор биздин өлкөнүн соода балансын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт”, – [деди](http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanda-amazon-dun-analogu-paida-bolushu-m-mk-n/) Аалиев.

Ал фонд ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы ири логистикалык борбордун курулушун каржылоого даярданып жатканын, ал жерде Өзбекстанга экспорттоого арналган атамекендик товарлар сакталарын кошумчалады.