Ош аэропортунан «Достук» өткөрүү бекетине Go Bus каттамы ачылат – Туризмди өнүктүрүү фонду

КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумуна катышты. Фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев өз сөзүндө делегаттарга Ош облусундагы Go Bus шаттл долбоору тууралуу айтып берди.

Итибаев быйыл Ош аэропортунан «Достук» постуна чейин Go Bus каттамын ачуу пландалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, фонд Оштон Наманган, Анжиян, Фергана жана Ташкентке каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Фонд Өзбекстанды Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн максаттуу рыноктордун бири катары карайт. Ал эми КРнын түштүгүндө өзбектер үчүн ыйык жерлер көп экенин эске алып, Итибаев руханий туризмдин алкагында айкалышкан турларды өнүктүрүүнү сунуштады.

Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти ошондой эле Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде спортчуларды даярдоочу заманбап база пайда болорун айтып, өзбекстандык спортчуларды ал жакка келүүгө чакырды.