> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/30/2024-zhyldan-tartyp-mayana-algan-zharandardyn-baary-salyk-deklaraciyasyn-tapshyrat/
- Published: 2023-01-30T18:24:52.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот**. **Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.**

Анын [айтымында](https://sputnik.kg/20230130/salyk-deklaraciyasy-tuuraluu-1072451661.html?fbclid=IwAR1sVRChk%5FItbIj0F%5FTjBHPK91lej4-qXy034Npv4ETzfp6u9GdB6XEpViM), бирдиктүү салык декларациясы үч этап менен киргизилүүдө.

> “Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун алгачкы этабы жүрүүдө. Бюджеттен каржыланган кызматкерлер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде иштегендер, доктур, мугалимдер быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек. Мындан тышкары, чыгашасы 300 миңден ашкандар жана эл аралык ишканалардын кызматкерлери дагы буларга кошулат. Бул биринчи этабы болуп эсептелет. 

Экинчи этабында 2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот. Ал эми үчүнчү этапта, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2026-жылы жумушсуздар, пенсионерлер, студенттер, жалпы жарандар салык декларациясын бериши шарт. 

> Бул өнөктүк жарандардын кирешесин, катталган мүлкүн аныктаганга шарт түзөт. Мындан тышкары, көмүскөдөгү каражаттарды ачыктаганга жол ачат. Жалпы жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырса мүлкүн башкага каттатып коюу көйгөйү токтойт”, — деди Ысабеков.

Ошондой эле ал салык декларациясын толук киргизүү буга чейин бир нече ирет жылдырылганын кошумчалады.