> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Суу - бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2023/01/30/akylbek-zhaparov-suu-bul-maanil-resurs-any-eksporttoo-ishterin-k-ch-t-zaryl/
- Published: 2023-01-30T16:46:23.000Z
- Updated: 2023-01-30T16:46:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышып, сууну экспорттоо тууралуу пикирлерин айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жыйында Жапаров бөтөлкөдөгү сууну экспорттоо иштерин күчөтүү менен потенциалдуу инвесторлорду/өндүрүшчүлөрдү республиканын аймагына тартуу аркылуу өз бренди менен өндүрүш ачуу жана андан ары чет өлкөлүктөргө жеткирүү зарыл экендигин айтты.

> “**Суу маанилүү ресурс,** бул багытта дагы инвестиция тартуу керек. Биз **бөтөлкөдөгү суу чыгарган ири эл аралык компаниялардын франшизасын сатып алууга даярбыз** жана алар менен биргелешкен ишкана түзүү, жергиликтүү ишкерлерди окутуу жана чет элдик компаниялардын жардамы менен эл аралык рынокко чыгууга жол ачылат”, – деди ал.