Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты - Нетфтетрейдерлер

Россиядан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды (КММ) бажы алымысыз ташып келүүнүн көлөмү 20%га төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы КР 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель майын салык төлөбөстөн сатып алган. Бул жылы болсо анын көлөмү 460 миң тонна бензинге жана 485 миң тонна дизель майына чейин кыскарган.

Эшатов күйүүчү майдын баасы көтөрүлөт деген божомолун айтты, анткени өлкөдө ички өндүрүш азайып баратат.

Эске салсак, мындан бир жума мурда эле Монополияга каршы мамлекеттик орган бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт деген маалыматын айткан. Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясы болсо, тескерисинче, бензиндин баасы кымбаттайт деген божомолун айтууда.