> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан
- URL: https://im.kg/all/2023/01/30/kyrgyzstandyktardyn-k-b-sinofarm-vakcinasyn-alyshkan/
- Published: 2023-01-30T13:30:31.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:32:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“118 тынымсыз байланыш” кызматы 2022-жылдын аягында 12 ай ичинде аткарылган иштердин отчетун жыйынтыктап, кызматка кайрылган абоненттердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары менен бөлүштү.** 

Колл-борбордун операторлору 390 кыргызстандыктан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Респонденттердин жоопторунан улам 70%ы эмдөөдөн өткөнү, калган 29%ы эмдөөдөн өтпөгөндүгү билинген.

> Ал эми кыргызстандыктардын 43%ынан көбү “Синофарм” вакцинасын алганын билдиришкен.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-30-at-13.20.33.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-30-at-13.20.33.png)

Сурамжылоонун негизги максаты эмдөө өнөктүгү башталгандан бери эмделген адамдардын пайызын аныктоо болгон. Сурамжылоо 2022-жылдын 9-сентябрынан 15-ноябрына чейин Сорос-Кыргызстан Фондунун, Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) жана ПРООНдун колдоосу менен өткөрүлгөн.